Жан-Кристоф Гранже: «Мизерере» [кыргыз тилиндеги рецензиясы]

0
259

Детектив жанрындагы мен окуган эң мыкты китеп болду. Китеп тандоодо сын пикирлерди, рецензияларды көрбөдүм, болгону китептин аты «Мизерере» кызыктырып, роль ойноду. Сөссүз чиркөө, катылган сырлар жөнүндө болорун сезип окууга кириштим. Чыгарма окуп баштагандан алдын бул хоралды таап кайра-кайра уктум, силерге да сунуштаймын. Китепти окуп жатканда башта жаңырып жаткан хорал табышмактуулукту эселейт.

Париж 2007. Чиркөөдө күндүз балдар хорунун жетекчиси Вильгелм Гетц күбөөсүз мыкаачылык менен өлтүрүлөт. Өлүмүнө себеп болоор көзгө көрүнүктүү жаракаты жок, же киши колдуу кылаар душманы жок. Гетц Чилиде саясий көз караштарынын айынан кысмакка алынып, Пиночет режиминен качып Франциядан башпаанек таап, музыка үчүн эле жашап жөнөкөй адамдын өмүрүн сүргөн. Жоош, эч кимге зыяны жок.

Ушул жерден Голлувид кинолорундагы сценарий башталат: Гетцтин өлүмүн изилдөө үчүн эки иштен четтелген полиция аскери өз ыктыяры менен киришет. Бири жашына байланыштуу өргүүдө болсо, экинчиси баңги заттарына көз карандылыгынан. Леонель Касдан бул апаат иш мүчө болгон чиркөөдөн башталгандыктан окуяга аралашса Волокин жаш балдар жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан сактоо бөлүмүндө иштегендиктен окуяда сөссүз педофилия изи бардыгынына ынанып ишке киришет.

Бирок биздин каармандар жандуу. Өз кыйынчылыктары менен фобиялары менен, жүрөктөрүндөгү дарты менен. Касдан армян эмигранты, армян элинин геноциди, оор турмушу жүрөгүн оорутканы жалгыз уулу менен мамилеси келишпегендигине барабар. Волокин колдон колго өтүп жетим чоңойгон, жаш кезинин баңги заттардын курбаны болуп, жакшы окуп, жакшы иштесе да бактысыз балалыгын кечире албайт.

Изилдөө эки полиция аскери үчүн кыйын баш катырма болгондой, чындыкты издөө экөөнү бир педофилия бир ритуалдык курбан чалуу жээгине сүрүп чыкса жаңы далилдер карталарын аралаштырып БДСМ жана аскерлердин сурак убагындагы кыйноолор дүйнөсү менен тааныштырат. Күнөөлү колго түштү деген убакта кыянат тамыры бир Чилиге алып барса, бир фашисттик Германияга жеткирет.

Адам канчалык оорууну, канчалык сыздоону көтөрө алат? Жаш балачы? Үнү дагы калыптана элек, бой жетилип сына элек, денеси да таза, жан дүйнөсү да таза периштедей ырдаган балдарчы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here