Төлөгөн Касымбеков: «Кыргын»

0
417

Китепти биринчи ачканда «экөвү» сымал угулгандай жазылган сөздөр, биринчи жолу жолугуп жаткан сөздөр көз өйкөп жатты, Касымбековдун жазуу тилин түшүнбөй бир окуган баракты кайра окуп адашып оюм бөлүнүп жатты, бирок аз окуй түшкөндө тил да көнүп, кызыгып кагаз калем кармап бейтааныш сөздөрдү көчүрүп да жаттым, кийин баарын чечмелеп сүйлөгөндө колдонуу үчүн. Кыргыз тилинде мындай сөз жок же андай эмес мындай жазылат деп Касымбековго сын тагар кыргыз тилин беш манжадай билген адам дагы туула элек болуш керек. Роман илгеркилердин акыл насааттары, учкул сөздөрүнө бай.

Тарыхый роман «Үркүнгө» чейинки убакытты, эл үрккөнүнүн себептерин сүрөттөйт, көркөм чыгарма болгону менен фактылар менен камтылган, архивдерде сакталган билдирмелер, телеграммалар менен коштолот.

Чыгарманын башкы каарманы бул бүтүн эл, баскынчылар келип жерди ченеп өлчөп, картага чийип суусу кенен, кышы жылуу, жайы салкын жердин баарын тартып алып, өздөрүнүн орус крестьяниндерин отургузуп баштаганда «көйкаптан келип жер меники дейт, төмөнтөн келип өр меники дейт, эшиктен келип төр меники дейт» деп ичтен сызсада чыдаган эл. Жапайы деп адамга теңебей, канын төксө малдыкы төгүлгөндөй кабатыр болбогон орустардын кылган жоруктарына да моюн сунган эл.

«…жарым жабайы киши чалыштар адам катары мындай бейиш жерде жашоого укугу деле жок…буларды бирдемеге үйрөткөндөн жытчыл итти машыктырган оңой…» — Пржевальский («Русский вестник», 1886, x11.)

Эл арасында «баатыр» аталган Шабдан Жантаевдин көп орустун аскери басып келгенде элдин сактыгын ойлоп коңшу жашаганга аргасыз макул болуп, «каска тууган өзгө жат» деген сөздөрдү угуп аттиң кылсада, болгон күчүн тынччылыкка жумшайт. Эси оогон жакка көчүп жүргөн эл жерге ээ боло албайт, жер Улуу Императордуку делсе да эптеп сыйышып, батышып күн көрүп келишет, каяша айталбай.

«Ар бир уруктун, ар бир түтүндүн башка бирөө конбой турган, баары билген жаздоо, жайлоо конуштары, эгин жайы, кыштоо турагы бар. Көчмөнбү ушулар?»

Ансызда батыша албай күн көрүп жатканда, Империя согушка аттанып, кыргыздардын уулдарын кара жумуш аткаруу үчүн согушка жөнөтүлөрүн айтып, тизмелеп баштаганда, колунда бары уулунун кунун төлөп, бекитип калышып, бейчара элди айдап баштаганда, акыйкат издегендерге жалаа жабылып, төңкөрүшчүлөр болуп чыгып, кыргын башталат.

Баскынчылар менен «жапайы» элдин тирешүүсүнө, ортодогу бузукулук, чыккынчылыкка каршы эки жакшы коңшуну аяр мамилесин коюп, үлгү көрсөткөндөй да болот. Жайлообай менен Кузьмин атту мүжүк тамагын да бөлүшүп, арасында түшүнбөстүктөр болсо да жылдар бою ынтыматк жашап келгени адамдардын баарынын ичи кара эместигинин далили.

Баарынан да чыгармада «бул эле бийликтин доорун сүрсүнбү» деген көрө албастык, ичи таардык адамды таң калтыра койбойт. Башы биригип бир күч боло албай аттандашып, бири хан көтөрсө экинчиси хан таба коюп, бийи мүдүрүлсө табалап, кастын улагасын сагалагандар бушайман кылды.

Автор, байкуш кыргынга алынган элдин тарабын талашканы айкын көрүнүп турат, бир ооз гана жалгыз орус аскери жаналгыч балтачан орус менен камчысынан башка куралы жок кыргызга арачы боломун деп, дүйнөсү тарыганын эле айтып өтөт.

Ар китепте болгон сабакка же автор бул чыгармасы менен эмне деп жатканына токтолсок, бул «Кыргын» китебинде менин чечмелөөм боюнча арызын айтаар атасы жок, болушаар энеси жок жетим калгандай элди оңкоро чаап, таманынан туулган жерин бирөө сууруп жатканда, бир болуу, кеңешүү, кастыгыңды, эски капалыктарды унутуп, хан болсунбу, президент болсунбу көчтү башкарган адамга көмөк болуу. Окурмандардын чечмелөөсүнө кызыктармын, оюңар менен бөлүшкүлө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here