Өскөн Даникеев: «Көкөй кести»

1
1036

Өскөн Даникеевдин чыгармачылыгынын сереси болуп эсептелинген бул роман көркөм адабияттагы салттуу темалардын бирин козгойт – Экинчи дүйнөлүк согуш. Бирок чыгармада майдан эмес, тылда болгон окуялар, элдин турмушу, алар күрөшкөн кыйынчылыктар чагылдырылган.

Алыскы тоо арасында жайгашкан «Хан-Теӊри» метео станциясынын техниктери фронтко кетишет. Ал эми Мурат эпилепсия менен ооругандыктан аскерге алынбай калат. Достору согушка кетип, анын керектелбей калышы Мураттагы жоопкерчилик сезимин ого бетер күчөтүп – станциянын иши, маалыматтарды борборго жиберип туруу, майданга кеткен эки кесиптешинин жана өз үй-бүлөсүнө кам көрүү түйшүгүн ал өзүнө алып, үч үйдүн ортосунда жалгыз калат.

Күндөрдүн биринде мөӊгүдө жайгашкан приборлорду белгисиз бир нерсе талкалап кетет. Борбордук станция менен байланыш үзүлүп, каармандар тоо арасында эч бир маалыматтсыз, байланышсыз, чоӊ дүйнөдөн бөлүнүп калышат.

Чыгарманын өзөгүн түзгөн сюжет, так ушул байланыш үзүлгөндөн кийин башталат. Күндөн-күнгө абал курчуп – контролго алууга мүмкүн болбогон аба ырайы, азык-түлүктүн жетишсиздиги, байланыштын жоктугу, изоляция, каармандардын карым-катнашы – чыгарманын соӊуна чейин сизди психологиялык чыӊалууда кармайт.

Маалыматтык технологиялар өнүккөн азыркы мезгилде чыгармада сүрөттөлгөн зор кырдаалга таӊ калып “Кантип ушундай болсун? Кантип төрт жыл бою эч бир байланышсыз жашашты?” деп оӊой менен ишене албайсыӊ.

Автор адам баласы менен жаратылыштын ортосундагы мамиле жөнүндөгү теманы да козгоп, кылымдар бою келе жаткан прогресске карабастан адамзаттын табият алдында канчалык алсыз жандык экендигин көрсөтөт.

Көлөмүнө карабастан чыгармадагы каармандардын саны алтоо гана. Эпизоддук бир окуяда гана пайда болгон каармандар да жок. Ушул алты каармандардын карым-катнашы, тагдыр сыноолору алдында туруштук берип, жашоо үчүн күрөшкөндүгү сюжеттин негизин түзөт.

Чыгарманын аягында алты каармандын экөө гана тирүү калат.

Романдын дагы бир өзгөчөлүгү – сүйлөмдөрдүн түзүлүшү. Сүйлөм мүчөлөрүнүн синтаксистик жактан туура эмес жайгаштырып, окурмандын көӊүлүн так ошол сөзгө, сөз айкашына бурат.

Мисалы, «Эстегиси келбейт аны Мурат» – «Мурат аны эстегиси келбейт» деп деле койсо болмок, бирок басымды «эстегиси келбейт» дегенге жасап, бул окуя каарман үчүн канчалык оор болгондугун, анын абалын, маанайын даана сезе билүү үчүн ушундай синтаксистик кубулуштарды колдонгон.

Сүйлөмдөрдүн түзүлүшү боюнча дагы бир белгилей кетчү нерсе, автор айта турган оюн тереӊдетип берүү үчүн бир сүйлөм эмес, бөлүп-бөлүп берген учурлары абдан көп. Мисалы, «Окутам эле. Алипесиз эле окутам»; «Кыз дагы кыйкырат. Ачуу кыйкырат».

Мындай конструкциялар чыгармада абдан көп. Жалпылап алганда, ушундай конструкциялардын колдонулушу экспрессивдүү боёк берип, романдын өзгөчөлүгүн түзөт десек жаӊылышпайбыз.

Бул автордун эӊ жакшы көргөн чыгармаларынан бири. Улам-улам окуп тажабай, кайра окуган сайын жаӊы бир нерселерди байкап, табасыӊ.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here