Төлөгөн Касымбеков: «Адам болгум келет» [кыргыз тилиндеги рецензиясы]

1
1827

 “Адам болгум келет” повести 1965-жылы “Советский писатель” басмасынан орус тилинде жарык көргөн.

Жазуучу бул повестке чейин чыгармаларды жазып келсе дагы, так ушул повести өзүнүн дебюттук чыгармам деп эсептеген. Төлөгөн Касымбеков бул чыгармасы үчүн 700 рубль гонорар алгандыгын көп эстөөчү. Албетте, ал кезде студент үчүн чоң акча болгон. Муну билген апасы “балам, ушундай акча тапканга жарап калдыңбы, баягы жетимим чоңойдубу?!” деп кубанганынан буркурап ыйлап жиберген экен.

Чыгарманын негизги каарманы Асылбек окууга өтпөй калып, айылга кайтып келет. Буга кейиген атасынан күн сайын “адам болот экен десе” деген жеме жейт.

 Чын эле адам болуу деген эмне? Чаңгыл чалдын оюу боюнча эптеп окуп, эптеп бир кызматты ээлеп калуу, колго бийлик тийгенден кийин ичип-жеп калганга жетишиш керек. Ал эми жаш Асылбек башында бул суроого жооп билбесе, убактын өтүшү менен бышып- жетилип адамдык аруу жолун издей баштайт: “Алмадан алма, алчадан алча…” Эмне ушул чынбы, миң жылдардын тажрыйбасынан арткан калетсиз сөзбү? Мына атам байыркы койчу, азыркы чала актив, тили буудай куурган куру чечен, ишинде дайыны жок куу чирен… демек, мен андан ашып кете албаймынбы? Ыя, кантсем да, адам болушум керек эле го…

Повестин аягында эмгектенүү, окуу, бир кесиптин ээси болуу, адал оокат кылуу менен гана адам боло ала тургандыгын тушүнөт: “Иштегениң бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүн үчүн дешкен го, илгертен. Азыр көрүп турам, иштегеним да, үйрөнгөнүм да өзүм үчүн болчудай. Ананчы, дагы колуңдан көөр төгүлүп чыкса, өзүң салган тамың, дүйүм мөмөлүү багың болсо, жаманбы?”

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. […] Теодор Драйзер — «Трилогия желаний» Трэйси Леттс — «Август: Графство Осейдж» Илья Ильф и Евгений Петров — «Золотой теленок» Иэн Макьюэн — «Искупление» Рэй Брэдбери — «Вино из одуванчиков» Чингиз Айтматов — «Белый пароход» Стивен Кинг — «Мизери» Зуура Сооронбаева — «Андрей» Артур Хейли — «Отель» Николас Карр — «Пустышка» Турусбек Мадылбай — «Феникс» Братья Стругацкие — «Трудно быть богом» Элинор Портер — «Поллианна» Джованни Боккаччо — «Декамерон» Ахмад Рашид — «Джихад: зарождение милитаристкого ислама в Центральной Азии» Владимир Сорокин — «Метель» Курт Воннегут — «Бойня №5 или Крестовый поход детей» Эрнест Хэмингуэй — «Старик и море» Чингиз Айтматов — «И дольше века длится день» Дейв Эггерс — «Душераздирающее творение ошеломляющего гения» Төлөгөн Касымбеков — «Адам болгум келет» […]

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here