Турусбек Мадылбай: «Феникс»

Бийлик жана анын табияты жөнүндөгү чыгарма.

“Мы весим ровно столько, сколько мы себя отдаем, мы творцы своего бессмертия и собственного тлена”

Башкы каарман Орозкулдун – Музтер шаарынын бир мезгилдеги башчысы – жашоосунун акыркы бир нече күнү баяндалат. Өмүрүнүн соӊунда шаардын жаралыш жана өнүгүш тарыхын эскерип, өткөн жашоосу көз алдынан өтүп, өз убагында кабыл алынган чечимдери кайрадан каралып, күмөнгө салынат.

Орозкулдун эскерүүлөрү аркылуу Музтер шаарынын тарых барактарына бет ачылат – шаарды курган хандар, төгүлгөн кандар, алмашылган бийлер, гүлдөткөн жетекчилер.

Орозкулдун эскерүүсүндөгү окуялардан бир топ тарыхый инсандарды тааныйсыз, мисалы, Каратай жөнүндөгү баянда, уулунун асылып өлтүрүлүшүнө күбө болгон Алай ханышасы Курманжан Датканын образы байкалат.

Айтылган ар бир уламышта, окуяда тарыхый инсандардын образдары байкалат, сезилет.

Чыгарма кандайдыр бир деӊгээлде “олуячылык” десек болот. Автор “революция өз уулдарын жутат” деген учкул сөздүн негизиндеби же жазуучунун сезимтал жүрөгү чын эле ушундай болоорун туюп турдубу (чыгарма 2008-жылы басып чыгарылган), төӊкөрүш аркылуу кетирилген хан жана аны тактан кулаткан уулу жөнүндөгү эскерүүдө Акаев жана Бакиевдерди айтып жатат деген ой кетти.

Башкы каарман Орозкулдун образы Ленинге параллель келтирилип жаткандай – агасынын террористтик ишмердүүлүгү, т.а., генерал-губернаторду өлтүрүү аракеттери үчүн камакка алынып, асылып өлтүрүлүшү, анын өлүмүнүн башкы каарманга болгон таасири, Орозкулдун акыркы күндөрү өтүп жаткан үйүнүн “мавзолейге” салыштырылышы.

Эл болбосо хан болбойт – экөө бири-бирине көз каранды, бири-бирине тыгыз байланышта. Бирок, карапайым калк көпчүлүк учурда өзүнө эмне керектигин так билбей эле, кыялында идеалдуу, кынтыксыз башчынын образын тартып алат да, турмуш, реалдуу жашоо деген бир аз татаалыраак нерсе экенин унутуп калат. Бийликтин табияты менен бирге элдин, адамдын табияты жөнүндөгү Орозкулдун ой-жүгүртүүлөрү коштой:

«Люди голодают вовсе не из-за того, что им не хватает хлеба, а скорее из-за того, что одни из жадности хотят нахватать себе больше, даже больше чем им необходимо, а другие из лености даже не стремятся жить лучше».
«Да и мы, глупцы, понапрасну пытались изменить человеческую природу, дав ему, людям свободу, равенство и сытость. Люди никогда не смогут быть равными, потому что среди них есть трудолюбивые и лентяи, добрые и злые».

Эмнегедир чыгарманы окуп жатканда тилимдин учунда Маркестин даамы келип жатты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here