Роберт Гэлбрейт: «Зов кукушки»

0
351

Лакап ат менен жарыкка чыгарган Джоан Роулингдин детектив жанрындагы биринчи чыгармасы. Кылдаттык менен таза тилде жазылган классикалык англис детективи.

Азыркы детектив жазуучуларынан айырмаланып маансиз ритуалдык өлтүрүүлөрдү, эл аралык мамилени жана жашыруун агентиктерди аралаштырбаганы кубандырбай койбоду. Бул чыгарма ар бир адам күнүмдүк жашоосунда бетме-бет жолугуп байкабай, маани бербей өтүп кеткен арабыздагы жаналгычтар жөнүндө.

Табигый сулуулугу жана өзгөчө жылдыздуулугу менен дүйнө жүзүнө таанымал, капчыгы калың, кара терилүү модель кыз Лула Лэндри кыштын түнү өзүнүн пентхаусунун терезесинен калың карга түшүп дүйнө менен кош айтышат.

Жашоо ыгы жана өспүрүм курагынан бери келе жаткан психологиялык туруксуздугу Лула өзүнүн жанын өзү кыйгандыгына эч кимди күмөн калтырбайт. Жалгыз агасы карындашынын өлүмүнө бирөөнүн кийлигишкенин шек алып, карындашы суицид жолуна баргандыгына ишенбей жеке тыңчыны бул кылмышты тергөөсүн өтүнөт.

Карморон Страйк – көп жыл бою аскерде тергөөчү ишин алып барып, жарадар болгонуна байланыштуу жеке ишин жаңы эле аркалаган тыңчы. Луланын курбуларын, үй-бүлөсүн, тааныштарын, айтор Лулага тиешеси барлардын баарын суракка алып кылмышты изилдөөсүн баштайт. Тыңчылык ишин романтикалап алган жаш жардамчысы Робин экөө чоң ачылыш алдында.

Страйк менен жакындан тааныштыруу үчүн автор анын оор балалыгынан, армиядагы күндөрүнөн үзүндү берип, азыркы жашоосу менен тааныштырса да ал «ким» экенин түшүнө албадым, көз караштары, ал же бул тема боюнча ою айкын берилген эмес, же англиялыктардын түнт мүнөзүн түшүнө албадымбы, билбейм.

Страйк жашоонун бардык көрсөткүчтөрү боюнча утулган, махабаттан, үй-бүлөдөн, балалыктан, каржылык жагынан, тегерек жолу жок киши, бирок, ага карабастан өтө жакшы адам. Эмнеге? Аны да түшүнбөдүм.

Мен окуп көнгөн детектив жанрындагы чыгармаларга окшош эмес, изилдөө да жай, сүрөттөө да жай. Бирин-бири жактырбаган эки адам шашпай чай ичип отуруп бири бирине «сэр» деп кайрылып жатып, мыкты жазылганына карабастан зериктирип жиберди, алакан тердеп, кыжалат болуп чечилмесин күткөн жокмун.

Окуп баштаганда эле «Дворецкий өлтүрдү!», — деп китепти жаап сала жаздадым бирок, аягына чейин окуп, оюм менен бөлүшкөнүм окурмандарга китеп тандоодо жардам болот деп кайрадан окууга кириштим.

Китеп шоу-бизнес жана байлардын жашоосунун жаап-жашырылган ички көйгөйлөрүн жакшы көрсөткөн. Бактысыздыктан, социалдык деңгээли айырмаланса да үй-бүлөлөрү коопсуздукта эместиги жана да жалгыздык темасы көтөрүлгөн. Автор жөн гана окуяны айтып бербестен, окурмандардын көңүлүн жакшы жана жамандын карама-каршылыгына багыттайт. Баңги заттарынын, акылсыздыктын кесепеттерин көрсөтөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here