Брет Истон Эллис: «Правила секса»

Романда адам өлтүрүүлөр, ойго сыйбас мыкаачылык, сексуалдык мазохизм сыяктуу көрүнүштөрдүн эч бири жок. Уэлш же Витткоптун китептеринен кийинкидей кускуң келбейт, «өзүңдөгү кир жана ыпылас» сезимди жок кылыш үчүн душка чуркабайсың.

Чыгарма биринчи жактан жазылган, б.а. ар бир глава ар башка каармандардын атынан баяндалат. Ошондуктан бир эле окуяга болгон ар бир каармандын өзүнүн жеке көз карашы менен тааныша аласыз.

Искусство мектеби болгон элитардык Кэмден колледжинин студенттеринин жашоосуна бир көз ирмем – секс, баӊги заттар, гомосексуалдык карым-катнаш, тынымсыз ичилген алкоголь жана дагы бир жолу секс.

Башкы каармандар карама-каршы сезимдерди жаратат. Баш аламан сексуалдык мамилелер жана баңги заттардын кучагынан чыкпаган жаштарга бир четинен бооруң ооруйт – ата-энесинин акчасына, эң мыкты окуу жайлардын биринде окугандыгына, бүтүндөй дүйнөгө эшиктери ачык болгонуна карабастан өз ордун таба албаган, жашоосу менен эмне кылаарын билбеген жаштар. Кол алдында ушундай сонун мүмкүчүлүктөр турат, финансылык жактан да чектелүү эмессиӊ, жашооӊду текке кетирип жатасыӊ деп каармандарга жиниң келет.

Истондун китептериндеги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бир чыгармадагы каарманды экинчи-үчүнчү бир чыгармада дайыма жолуктурса болот. «Правила секса» романындагы башкы каарман Шон Бэйтман Истондун эң белгилүү чыгармасы болгон «Америкалык психопат» Патрик Бэйтмандын кичүү иниси. Патриктин атынан жазылган өзүнчө бир глава да бар, ал эми Шонду «Америкалык психопатта» да жолуктурса болот.

Автор өзү бул чыгармага «сатиралык роман» деген мүнөздөмө берген. Эмнегедир тамашалуу эч бир нерсе таба албадым. Ар бир баракта жалгыздык, түшүнбөстүк. Мына-мына, азыр бардыгы оӊолот, баары чечилет деп күтөсүӊ. Бирок, баягы эле жалгыздык, баягы эле белгисиздик.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here