Хэнк Муди: «Бог ненавидит нас всех»

1
282

Аты чыккан, убакыт жана критиктердин текшерүүсүнөн өткөн китеп издеп жатып, авторлордун тизмесинен Хэнк Муди атты таанып калышым маселени чечти. Хэнк Муди «Californication» аттуу сериалдын башкы каарманы, «Бог ненавидит нас всех» китебине тартылып жаткан тасманын шылтоосу менен Голливуд дүйнөсүнө келет.

Сериал Хэнк Мудинин жашоосу менен тааныштырып, бул китеби жөнүндө көп айтыканы менен, китептин мазмунун четке какканы кызыктырбай койбоду. Хэнк Мудинин атынан жарык көргөн бул чыгарманын чыныгы авторунун аты сыр сакталып келет.

Башкы каарман өзүнүн ордун издеген кадимки өспүрүм. 19жаштагы өзүн өзгөчө сезгип, жөнөкөй адамдардын жөнөкөй жашоосун жек көрөт. Ата-энесинин каршылыгына карабастан окуусун таштап, жеңил иш издеп жатып баңги зат сатуучуга айланат. Бул ишти аркалап баштап ар түрдүү адамдар менен таанышышы дүйнөгө көз карашын калыптандырат.

Жашоонун агымына моюн сунуп, өзү эч нерсе өзгөртпөстөн жана жашоодон көп көргөндөй чоң сүйлөгөнү кыжырды келтирип да жатты.

Бул багыттагы чыгармага тиешелүү бардык атрибуттар сакталган: секс, баңги заттары, рок-н-ролл, психикалык ооруга чалдыккан адамдар, өлүм. Бирок мындай күчтүү ат менен жарыкка чыккан китептен көбүрөөк күткөндүктөн канааттанбадым. Баңги заты аз, секс аз, такыр сүрөттөлбөгөн, сарказмга толгон сөгүнүү жок.

Автордун жашоосун китебинен кызыгыраак таптым. Хэнк Мудиги тиешелүү какшыктоону, жашоого жеңил көз карашын, баңги зат мээси айланткан келесоо досторун көрө албадым.

Биздин жашообуз жөнүндө, мораль камтыган, контркультуранын лайт түрүн окугусу келген адамдарга сунуштамакмын.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here