Кристиане Фельшериноу: «Я, мои друзья и героин»

1
288

“Мен, менин досторум жана героин” же болбосо “Биз Зоо бекеттин балдарыбыз” китеби баңги колдонгон өспүрүм кыздын автобиографиясы.

Китептин автору Кристина Фельшериноу 12 жашында биринчи жолу жеңил баңги колдонуп, бара-бара героин колдонууга өтөт. Ал эми героин жаш Кристинаны Зоо бекетке сойкулук кылганга алып келет.

Берлинге жаңы көчүп келген кыздын адаптациясы, жаӊы жерге, жаӊы адамдарга көнүүсү кыйынга турат. Атасы кичүү сиңдисин алып, Кристинаны апасына таштап кетет. Жаңы классташтарына, курдаштарына жагынам деген Триша кыйыр жолго түшөт. Жаңы тапкан достору менен баңгинин түрлөрүн колдонуп көрүүгө жетишет.

Ар бир окурмандын жүрөгүн оорута турган тагдыр. Досторунун биринин артынан бири “передозировка”дан жок болушу, башка сойкулар менен бекетте жер талашышы, таштап баратып кайра сайынып алышы кимди гана кейитпей койбойт.

Наркотик, өспүрүмдөрдүн психологиясы жөнүндөгү мыкты китеп. Ар бир ата-эне окуй турган китептердин бири десем жаңылышпайм.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here