Гордон Диксон: «Лалангамена»

Улам-улам окугандан тажабаган эӊ сонун аӊгемелердин бири.

Ар кайсы планеталардан келген, кебетеси, расасы, ишеними, көз карашатары таптакыр башкача, бири-биринен асман менен жерден айырмаланган адамдарды бириктире турган сезимдердин бири – Мекенге болгон сүйүү жөнүндөгү чыгарма.

10 барактын ичинде сезимдердин чыӊалышын, адамдардын ортосундагы мамиленин бардык спектрин көрсөтүп берет – муундар ортосундагы кагылышуу, жаштык жана турмуштук тажыйырба, достук, ишеним, үмүт, сүйүү.

Планеталар аралык учуулар, корабль, космос, алыскы жылдыздар жөнүндө болот деп күтпөгүлө , жок, адамдар, адамдардын мамилеси жана сезимдери жөнүндөгү аӊгеме. Ал эми космос ошол сезимдерди, эмоцияларды, ички толгонууларды курчутуп, даана жана так түшүндүрүү, көрсөтүү үчүн колдонулган фон гана катары.

Саналуу гана барактардын ичинде каармандардын образдарды ушунчалык жеткиликтүү ачылып берилген, эки мүнөттүн ичинде бирөөсүн жек көрүп, экинчине боорун ооруй баштайт.

Унутулгус чыгармалардын бири. Күтүүсүз финал жана сырдуу “лалангамена” сөзүнүн жандырмагын билиш үчүн беш мүнөттүк убактыӊызды бөлүп, бул аӊгемени окуп коюӊузду сунуштайм.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here