Курт Воннегут: «Утопия 14 (Механическое пианино)»

«Утопия 14» Воннегуттун «Бойня №5» же «Колыбель для кошки» чыгармалары сыяктуу эмоционалдуу эмес, акырын, жай стилде баяндалат, бирок окуй турган китептердин бири дейт элем.

Антиутопия жанрынын дагы бир жүзүн чагылдырган Воннегуттун чыгармачылыгы менен таанышуу так ушул чыгармадан башталган. Технократиялык антиутопия десек да болот, анткени Воннегуттун дүйнөсүндө адамдардын ордун автоматташтырылган машиналар ээлеп алган.

rsz_23453_27e0_960

Адамдар аткарып келген жумуштар акырындык менен машиналар менен алмаштырылып, адамдардын дүйнөсүндө адамдарга орун жок калган. Ширетүүчү-машина, тазалоочу-машина, мугалим-машина, текшерүүчү-машина…

Эмнегедир чыгарманы окуп жаткан бардык нерселерди ак-кара түстө элесттетим. Машиналарга баш ийген, өз ордун таба албаган, өз кыялдарынан корккон жана машинага ишенип эч нерсеге умтулбаган коомду жаркын түстөрдө элестете аласызбы?

Автор «жашооӊду жеӊилдеткен идеалдуу, кынтыксыз машиналарды ойлоп таптыӊ бирок, эмнегедир бактылуу боло албадыӊ» дегенсип, адамзатты шылдыӊга алгандай. Бул коомдун элитасы – ошол жаӊы машиналарды ойлоп тапкан инженерлер.

Бирок чыгарманын пардоксу, адамдын эӊ негизги душманы машиналар эмес, адам өзү дегенде. Адамзаттын кырылып жок болушунда өзү гана күнөөлүү болот деген ойду инженер Бад аркылуу ачып берет. Гениалдуу инженер акырында анын ордун алмаштырган машинаны өзү ойлоп таап, соӊунда эч кимге кереги жок, көчөдө калат.

Албетте, адамдардын иши азыркы күндө деле акырындык менен машиналар менен алмаштырылып келе жатат: компьютерлер, пилотсуз учактар, поезддер. Кесибим боюнча котормочу болгондуктан “жакында котормочу деген кесип жоголот, силерди машиналар алмаштырат” деген пикирлерди көп угам, ошондуктан Воннегут сүрөттөгөн дүйнөдөгү адамдарды кандайдыр бир деӊгээлде түшүнөм.

Бирок, Воннегуттун утопиясындагыдай болуп кетет деп ойлобойм. Анткени машиналар бул эч бир эмоциясы жок, автоматташтырылган, темир, пластик, проводдордон турган механика. Котормодо жана жалпы эле турмушта машиналар баамдай албаган, сезе албаган көптөгөн субъективдүү факторлор бар. Адам баласы да эволюциядан артта калбай өнүгөт, өсөт, өзгөрөт, жаӊы кесиптер да пайда болот.

«Адамдардын анда эмне кереги бар?»

Бирок, бул чыгарма бардыгыбызга эскертүү катары болсун демекчимин.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here