Айзек Марион: «Новый голод»

0
434

Менин сүйүктүү чыгармаларымдын бири — Айзек Мариондун «Тепло наших тел» романы. «Сүйүү дүйнөнү сактап калат» деген идеяны тартуулаган бул роман -– мен үчүн эң романтикалык чыгарма дейт элем.

Бул китептин уландысы бар экенин билгенде сүйүнүп, чуркап барып жүктөп алгам. Китеп аран жыйырма чактыдай эле беттен турат экен. Бир сааттын ичинде окуп салып, моокумум канбай калды.

Китепте Р дин зомби болуп ойгонушу, Джулинин апасы тирүү кезиндеги жашоосу, Р менен М дин жолугушуусу, Норанын иниси кантип зомбиге айланганы сүрөттөлөт.

Чыгарма үч сюжеттик линияга бөлүнсө дагы, негизги басым Нора менен анын иниси Аддистке жасалгандай. Анткени жаш өспүрүмдүн кичинекей бөбөгү менен зомби, скелет, өлүктөргө толгон шаардан шаарга көчүп жүрүшү кимди гана тамшандырбай койбойт.

Бирок жазуучуга баары бир нааразымын, вирустун кайдан чыкканын жазган эмес. Ал гана эмес Р дин ким экени дагы белгисиз. Же автор дагы бир китеп чыгарам деп жазбай койгонбу. Күтө туралычы, мүмкүн азыр каармандардын вируска чейинки жашоосу жөнүндө жазып жаткандыр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here