Патрик Модиано: «Улица Темных Лавок»

0
572

Нобель сыйлыгынын жакшы кесепети, биздей жөнөкөй окурман замандаш мыкты жазуучулар менен тааныша алганы болуш керек. Дүйнө адабиятына чоң салым кошкон бул жазуучунун чыгармаларын бул убакытка чейин окубаганымдан уялдым.

«Улица темных лавок», түп нускасында»Missing person» – фашисттер Францияны оккупацияга алган убакта амнезияга кабылып, 10 жыл өткөн соң өткөргөн жашоосун курап, кимдигин эстөөнү самаган адам – Ги Роллан жөнүндө.

Ги өзүнүн жашоосу жөнүндө, ким болгондугун билип берүүсүн суранып, 1947-жылы жеке ишин баштаган Хютте аттуу детективге кайрылат. Хютте бул адамга жан тартып, ага күбөлүктөрдү ырастап берип жумуш сунуштайт. Сегиз жыл кошо иштешкен досу өргүүгө чыгып жатканда Гинин өткөндү изилдөөсүнө көмөктөшүүгө убада берет. Архивдерге кайрылып, аны тааныган адамдарды издеп, сүйгөн айымы болгондугун билет, мекенин таштап качкан эмигранттардын турмушу менен таанышат. Бардык суроолорго жооп табылганы менен окуя аягына чыкпагандай, бул билим менен каарманыбыз эми кантип жашайт экени белгисиз кала берди.

Чыгарма сүрөт көрүп жаткандай бир заматта окулат. Электрэнергиясы жок, караңгыда кыларга иш жок болдубу билбеймин, же китепке ушунчалык берилип кеттимби, айтор 2 саат ичинде окуп бүтүрдүм. Гинин эскерүүлөрү, көчөлөрдүн илгеркиден айырмаланганы, каармандардын кийген кийимдери, Гинин ар бир жолуккан адамынын үйү так сүрөттөлгөндүктөн, ак-кара кино тасмасын көргөндөй болдум.

Нобель сыйлыгынын ээсин сынга алуу жарашабы билбеймин, бирок мага жаны жок буюмдардын эмес, тирүү адамдардын ички сезимдерин түстүү сүрөттөө аздык кылды. Согуштан кийинки заманды жазганда, адамдардын ички сезимин көрсөтүп берүү оңой эле сезилет. Гиден башка каармандар мен үчүн ак кагаздай бош калды.

Канчалык кооз жазылса да, Парижди өмүрүндө көрбөгөн мен үчүн 99 көчөнүн аты, даректер эч нерсе айтпайт. Катар-катар дарек, телефон номерлери жазылган саптарды аттап окуп жаттым. Ошондой бир жолу жолуккан каармандар эскерилген жерлерди да аттап жаттым. Оор убактарды, адамдардын кыйынчылыктарын катыра жазганы үчүн авторго берлиген баа ырас эле деп эсептеймин, менин табитиме бир аз туура келгенине карабастан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here