Джонатан Сафран Фоер: «Жутко громко, запредельно близко»

0
488

Чыгарма менин ички сезимдеримди дүрбөлөңгө салды деп айта алам. Жашып жиберишиме аз калды, автор бир аз дагы таалуу жериме сокку берсе өңгүрөп жата калмакмын. Бербегени дагы жакшы болду, болбосо мен авторду китепти сатуунун амалын издеп, окурмандардын сезимдери менен спекуляцияладоо кунөөлөмөкмүн. Тузу дагы, калемпири дагы там болгондой.

Негизи элдин жарасы айыга электе мындай темадагы чыгарма жазуу оор болуш керек. Биздин, алыстагы элдин күнүмдүк жашоосуна таасир этпегени менен, канчалаган мындай Оскарлар (башкы каарман) 11-сентябрдагы апааттан жапа чеккен. Бир адам башканын кайгысын түшүнө алабы?!

Окурмандар авторду элдин сезимдеринде ойносууна күнөөлөсө жараша берет, бирок мен, негедир ушул чыгармага келгенде  критиканы өчүрүп, Оскарды чыгарманын каарманы эмес, тирүү адамдай көрүп окуганды туура көрдүм. Эгер чындыкка коошпогон деталдарды издей берсек, ар бир чыгармада катачылыктар табылат.

Ким айтты 9 жашар бала веган боло албайт деп, же аялдардын айыз күндөрү жарыш келиши жөнүндө жана пилдер сүйлөшө алганын биле албайт, же чоң имараттарды жарылуудан сактап калыш үчүн чоң чөнтөк ойлоп тапкысы келе албайт, же атеист болсо болбойт деп? Ким айтты 9 жашар бала атасын чектен чыкканча сагына албайт деп?!

Баяндоо Оскардын апасы жана чоң энеси менен атасын жерге берүүгө мүрзөгө жөнөп жаткандан башталат. Оскар көмгөнү алып бараткан табыттын ичинде атасы жоктугун билет. “Эң жаман күнү” атасы иши боюнча Эгиз мунаралардын бирине барып үйгө кайтпай калганы, көмүп коюп зыярат кылганга денесин да кайткан эместиги.

Атасынын буюмдарын карап жатып вазанын ичиндеги “Блэк” деген жазуусу бар конвертте ачкыч таап алат. Бул ачкыч кайсы эшикти ачаарын, ал эшиктин артында атасы калтырган нерсе бардыгына терең ишенген Оскар ачкыч туура келген эшикти издеп баштайт. Көп ойлонгондон кийин шаардагы болгон Блэк фамилиясындагы адамдардан сурап чыкканга барат.

Оскардын изденүүсү менен бирге баланын чоң энеси менен чоң атасынын Нью-Йоркко көчүп келген тарыхы кошо берилген. Экинчи дүйнөлүк согуштагы Дрездендеги жарылуулар, жоготуулар, талкаланган тагдырлар. Жан дүйнөсүнө бомба түшкөндөй чоң оюкту көтөрүп жүргөн адамдардын бактылуу боло албаганы, бул тешик жакшы нерсенин баарын соруп алганы жөнүндө.

Кичинекей Оскар атасынын кантип өлгөнүн билгиси келет. Билбесе узун түндөрү уктай албай  ар түрдүү варианттарды элестетет. Атасы терезеден секирдиби, же лифтте калып кеттиби, башкаларга жардам кылып жатып баатырдай өлдүбү? Эмнеге адамдар лифтте өйдөгө көтөрүлбөстөн, тетирисинче имарат жерге кирип кеткен мунара ойлоп тапса болбойт? Дагы көптөгөн, гуголплекс ойлор бул назик баланын тынчын алат.

Чыгармада жооптон суроо көп жана ата менен баланын мамилеси, бири бирине болгон мээрими эч кимди көңүл кош калтырбайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here