Лиан Мориарти: «Тайна моего мужа»

0
522

Чыгарманы окугум келген китептердин тизмесине автордун австралиялык экени үчүн эле коштум. Австралия жөнүндө жаңылык укпаганга ал материктин бардыгын деле унутуп каласың, анан кокусунан автралиялык жазуучунун китебин жолуктуруп калганыма сүйүндүм.

Биринчи эле «Отчаянные домохозяйки» сериалына окшоштурдум чыгарманы. Сериалды көргөн эмесмин, бирок негедир ушул чыгармадай болуш керек деп ойлодум. Сиднейдеги идеалдуу аял, идеалдуу ашканасы менен, идеалдуу балдары менен, идеалдуу жолдошу менен. Мектептеги ата-энелер комитетинин башсычы, болгон кылганы – үй-бүлөсүнүн бакубаттыгы.

Экинчи каарманыбыз – бактылуу деп ойлогон үй-бүлөсүндө жарака кетип, өзүн издеп Сиднейге, кичи мекенине кайтып келген айым.

Үчүнчү каарманыбыз – көп жыл мурун кызы Джейни киши колдуу болуп өлгөнүнөн дагы деле өзүнө келе албай, акыйкат издеп, кызынын арбагы менен жашап келген аял.

Сесилия кокустуктан жолдошу көп жыл мурун «мен өлгөндө окугула» деп жазган катын таап алат. Жолдошу тирүү, катты ачпа деп суранганынан окубайм деп сөз берет. Бирок кырдаалга жараша катты ачканга туура келип, жолдошунун каткан эң чоң сырын билүүгө туура келет. Сесилия миң жолу аттиң кылып, бул сырды билгенге чейинки жашоо ыгына кайткысы келгени менен айла жок, бул сыр эми Сесилиянын дагы сыры.

Сюжет, мен ойлогондой бул каттын тегерегинде жүрбөйт. Чынын айтсам, бул сыр мен күткөндөй эстен тандырган бир чоң окуя болбоду.
Китептин аннотациясын окуганда күйөөсү болбоду дегенде тыңчы, же террорист, же маньяк, же башка планеталык болуп чыгат деп ойлогон элем. Тим эле күчөтүп жазып жиберишкен «каттагы сыр анын үй-бүлөсүнүн гана эмес араң тааныган адамдардын жашоосун кардиналдуу өзгөртөт» деп.

Чыгарма жакшы, эски мектептин ыкмасы менен жазылган, баары ордунда. Жазылган стили дагы, түшүнүктүү шашпаган баяндоо, маанилүү нерселер баса белгиленип чыгарманын маңызына толук көздү ачат. Жөн гана бизге, сизге окшогон үй кожойкелердин турмушунда туш болуп калышы мүмкүн окуяны айтып беребиз дешсе туура болмок.

Чыгарма жашоо жөнүндө, окуганда «мен деле ошондой аялмын, мен каармандардын ордунда бул кырдаалда эмне кылмакмын» деп ойлоно түшөсүң. Канчалык жакшы жазылганы менен аялдар үчүн жазылган жеңил чыгарма.

Жашоо жөнүндө болгону менен каарман айымдарды түшүнбөдүм. Мүмкүн австралиялык айымдардын ой-жүгүртүүсү башкача, алар менен таанышып койгон ашыкча эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here