Джеймс Дэшнер: «Бегущий по лабиринту» (серия романов «Бегущий по лабиринту», «Сквозь топку», «Исцеление смертью»)

0
211

Мен көпчүлүк учурда киносун көргөндөн кийин китепти окуп баштаймын – кино үчүн чыгарманы ылайыкташтырып, оңдоп-түзөгөндө түшүп калган майда-чүдөлөрү менен кошо, окуяны каармандар менен кайра жашап көргөнү.

Ал эми бул учурда кино өзгөчө жаккандыктан эмес, эмне болуп бүткөнүн эртерээк билиш үчүн окуп баштадым. Бекерчиликтин кесепетинен, жакпаса дагы окуянын аягына чыкпагандыгы тынчымды алды.

Биринчи китеп өспүрүм балдардын белгисиз лабиринтте өзүнүн кимдигин билбей ойгонуп, кичине коом түзүшүп, лабиринттен чыкканга жол издеп баштагандыгы жөнүндө баяндайт.

Негизги окуя күндөрдүн биринде лифтте келген өспүрүмдөрдүн бири Томас пайда болгон убакыттан башталат. Лабиринттен жол жок болгону аз келгенсип «гривер» деп аташкан жарым жаныбар, жарым машина жандыктан өздөрүн коргогонго туура келет.

43433

Томас өтө акылдуу жигит болуп чыгып, лабиринтте акыркы пайда болгон кыз Терезанын жардамы менен азаптан кутулушат. Мына китеп аягына жетип, баары бактылуу болуп, кеткен жоготууларды эскеришип, кутулдук деп каармандар да окурмандар да ойлошот. Бирок, алар эксперименттин курмандыгы жана бул башталыш гана экендиги билинет.

Экинчи китепте лабиринттен качып чыккан балдар жалгыз эмес экендигин, дагы бир топ ушул эле экспериментте катышканын билишет. Көп жыл мурун Күндөгү жарылуулардын айынан планетадагы көптөгөн шаарлар жок болуп, бир лабораториядан чыккан, мээге зыян келтирип адамды жинди кылган оору пайда болгонун жана бул эксперимент ошол ооруга иммунитети бар адамдардын мээсин изилдөө үчүн уюштурулганын кабардар болушат.

9dpZc5M

Бул ооруга каршы дары табуу үчүн уюштуруучулар жардам сурагандыктан айласыз балдар эксперименттин экинчи этабына катышууга макул болушат. Бул этап Топка аттуу күн куйкалаган жерди кесип өтүүдөн турат. Өспүрүмдөрдүн алдында көптөгөн тоскоолдуктар чыгат. Алар бир гана иш кылыш керек – тирүү калуу.

Үчүнчү китепте баягы эле балдар жана экинчи топтогу кыздар кошулуп баарын токтотконго аракет кылышат. Томастын алдында чоң дилемма пайда болот: жашоосунан өз ыктыяры менен баш тартып дары тапканга макул болуш керекпи же өзүнүн өмүрүн жана өзүнө окшош иммунитети бар адамдардын жашоосун сактап калуу керекп? Экспериментти уюштургандарга каршы чыккан уюмга кошулуп күрөшүү керекпи же эч бир тарапка кошулбай качып жоголуу керекпи?

Эми жамандаганга өтсөк. Биринчи китепти окуп жатып ушул жанрдагы, аудиториясы бир китептер менен салыштырганда жакшы жазылгандай көрүндү. Анан калган эки китепти окуганда капа болдум. Биринчи китебин экранизациялаганга сатып койгондон кийин шашылыш түрдө калганын жазып жибергендей сезим калтырды.

tumblr_myaxqyLL1P1s7borzo1_500

Менин топографиялык кретинизмимин айынан оңго-солго, түштүк-түндүк деген жерлерин үстүртөн эле окуганга өзүм көңүл барбадым, бирок котормочу жылдызча коюп ката кеткен жерлерин түшүндүрүп жазып бергенин көргөндө эле байкадым.

Дагы бир мага жакпаган жери – бул сленг. Коомдон бөлүнүп жашаган балдар өздөрү түшүнгөн тил чыгарып алганы түшүнүктүү эле. Бирок автордун катачылыгыбы, же котормочунун англис тилинде жакшы эле угулган сөздөрдү туура бере албаганыбы, айтор, каармандар сүйлөгөн сленг итиркейди келтирип жатты.

Ошол эле мээси айныган оорукчандарды “хряск” деп атаганы кулак кескендей эле болду. Канча мээнет кылып жазган китепте эң көп колдонулган сөздөргө көбүрөөк көңүл буруп, ичине маани камтыган аталыш ойлоп тапса болбойт бекен деп таң калдым. Жок дегенде «ходячие мертвецынын» атын карызга алып турса болмок эле.

Бул түшүнүксүз оору Күндөгү жарылууларга байланыштуу болгондон кийин жөнөкөй адамдар ооруну Вспышка деп аташканы тетирисинче түшүнүктүү. Биз “давление” болуп оорудум дегендей эле кеп. Бирок оорунун өзү жөнүндө маалымат жок. Кичине убакыт бөлүп кененирээк түшүндүрсө болмок, кичине балдардын кыйынчылыгын кооздоп сүрөттөп отуруп албай.

43435

Бири бирине дал келбеген кырдаалдар көп болгону менен чыгарманын жакшы жактары дагы аз эмес. Мисалы сүйүү линиясы. Адамдар кырылып жатса каармандар сүйүүсүнө көп токтолбой, кыжырды келтирбегенин туура көрдүм. Жөн гана көргүсү келгенин, жылуу элестерди, эскерүүлөрдү үстүртөн эле кошуп койгону жакты.

Бул чыгармага көп убакыт сарптап окугусу келген адамдар аз эле болот болуш керек. Эмне дегенде да авторго мактоо айтыш керек. Бир гана мындай чыгармага фантазиясы жеткендигине эмес, ал фантазиясын кагазга түшүргөнү үчүн дагы.

Бул сериянын уландысын окубайт болушум керек. Китепти окубай эле киносун көрөм дегендер эч нерсе жоготпойт. Акыркы убактарда жакшы эмес китеп көп окуп жатамбы билбейм, бирок киносу китебинен кызыктуураак деп коркпой айта аламын.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here