Луис Сепульведа: «Старик, который читал любовные романы»

«Весь тот сезон дождей он провел в терзаниях и мучительных сожалениях по поводу совершенно бездарным образом не используемого умения читать.»

Бул чыгарманы ушундай бир ырахаттануу менен окудум. Окуп бүткөндөн кийин тилиңиздин учунда сыйкырдуу атмосферанын сонун даамы калат.

Атын окуп алып латын америкалык сериалдардай сезимтал мелодраманы күтпөгүлө. Бул адам менен табияттын ортосундагы гармония жана ошол эле учурда адам менен жаратылыштын кагылышуусу жөнүндө.

Табият жана адам – бул чыгарманын башкы эки каарманы. Чыгарманын кульминациясы да – абышка менен ягуардын беттешүүсүндө.

Жаратылыштын, табият кубулуштарынын сүрөттөлүшү эми чыгармада укмуш – кылдаттык менен тандалган метафоралар, салыштыруулар жана ар биз сөзүндө автордун табиятка болгон өзгөчө мамилесин байкайсыз.

«Серое, готовое вот-вот пролиться дождем небо, похожее на раздувшееся ослиное брюхо, почти касалось земли нижним краем туч».

Сельва – жапайы дүйнө, коркунучтуу дүйнө. Күтүүсүздө эле өлүмдүн кучагына кирип кетишиң мүмкүн, ошол эле учурда, сельва – бул жаратылыштын ойго келбес боёктору, тынымсыз үндөрү, тыбыштары.

Табияттын сүрөттөлүшү менен бирге шуар уруусундагы индейецтердин салттары, уламыштары жана жашоого болгон көз караштары менен тааныша аласыз. Мен үчүн бул таптакыр башка дүйнө, ошондуктан кызыл терилүүлөр жөнүндө баяндалган үзүндүлөр өтө кызыктуу болду.

Автордун ар бир сөзүндө аларга болгон терең урматтоо, сүйүү жана аоё сезимдери:

«…индейцы племени шуар всегда уходят после рассказа, считая, что вопросы порождают ложь».

Чыныгы варварлар ким? Жогорку билими жок, китеп окуй албаган, бирок жаратылыш менен бир демде жашаган шуар уруусубу, же билими менен мактанып, табиятты айоосуз кырган грингобу?

«Поселенцы все с большим рвением вели наступление на сельву, создавая вокруг себя высшее творение цивилизованного человека: безжизненную пустыню».

Эми сүйүү романдарын окуганды жакшы көргөн чалга өтсөк – башкы каарманыбыз – Антонио Хосе Боливар. Абышканын китеп окуу ыкмасы ууртуңарда жылмаюу жаратып, ичиңиз жылыйт.

«Глядя в книгу, он произносил читаемый текст вполголоса по слогам, словно пробуя на вкус каждое слово. Почти к каждому из них он возвращался, чтобы произнести его со второго-третьего раза одним махом. Затем, собрав слова воедино, он проделывал ту же операцию с целым предложением. Таким образом, шаг за шагом, строчка за строчкой, он постигал мысли и чувства, вложенные автором в текст какого-нибудь очередного литературного шедевра».

Анткени абышка үчүн ар бир сөздү, ар бир ойду түшүнүү өтө зарыл. Сүйүү романдарын окуу менен бул варвардык дүйнөдөн, чындыктан качуу аракеттери катылган.

«…в которых говорится о любви – говорится словами столь прекрасными, что они порой заставляют забыть о варварской натуре человека».

«Когда старику попадалась особенно удачная, на его взгляд, фраза, а то и целый абзац, он многократно повторял этот фрагмент текста, чтобы в очередной раз убедиться в том, насколько же, оказывается, может быть прекрасен человеческий язык».

Дагы белгилеп кетүүчү нерсе – тиш доктурдун образы. Чыгармада бир эле жолу пайда болуп, башталышында эле жолуктурасыз. Бирок, мага доктор Рубикундо Лоачамин унутулгус элес калтырды. ☺

Чыгарманын тез эле бүтүп калганына ушунчалык өкүнөсүң.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here