Джефф Дайер: «Влюбиться в Венеции, умереть в Варанаси»

0
413

Чыгарманын аннотациясын окуп «эки жаштын сүйүүсү Венецияда башталып Варанасиде трагедия менен бүткөн Индия стилиндеги чыгарма» деп ыйлаганга даярданып отуруп калсам мен күткөндүн бир пайызы дагы акталбады.

Айтылгандай эле чыгарма бири-бирине тиешеси жок эки бөлүмдөн турат. Аннотациясында көзгө көрүнбөгөн байланышы бар деп айтылганы менен андай сезилбеди. Бир эле жерде Венеция менен Варанасинин окшоштугун айтып өткөнү эле болбосо. Эки шаар тең суу үстүндө турганы, эскирген сарайлары бар болгону эле окшоштук.

Биринчи китеп жашы ортолоп калган журналист жөнүндө. Эч кандай амбициясы жок, аткарган жумушун жек көргөн бирок жашоосун оңуна келтириш үчүн кол какпаган британиялык Джеффри Атман. Венецияда өтүүчү биенналеге сапарга аттанып жатып өзүн аяп, жашы өтүп жатканын жашырганга аракет кылып чачындагы актарды жок кылайын деп чачын бойойт. Акыркы убактардагы эң чоң өзгөчө нерсе ушу эле болгондой, жада калса бул биенналеден кызыктуу нерсе күтпөйт. Аэропорттон эле баштап искусство жаатындагы тааныштарына жолугуп баштайт.

Венеция чыдагыс ысык аба, искусство чөйрөсүнүн отуруштар, дагы бир сүрөтчүгө арналган акысыз ичимдиктер аккан кечелер менен тосуп алат. Болгону географиялык өзгөчөлүк болбосо ошол жүздөр, баягы эле адамдар катышып жүргөн мааракелер. Барганда биринчи күнү эле каарманыбыз Лора аттуу жашы отуздан ашкан, бетинде бир грамм боёгу жок табигый сулуу айымга жолугат. Аны биринчи көргөндө эле Джефф «ошол аял» экенин билет.

Джефф көптү билген, тили курч болгону менен кадимки «лузер». Лоранын эмне себептен бул жигитке көңүлү түшкөнү суроо боюнча калды. Калган чыгарма 3 жолку секстен, 2 жолку таңкы тамактан, бир кокаини бар кечеден жана миңдеген искусствого тиешеси бар адамдардын атынан турат.

Автор өзү искусство таануучу сынчы болгондуктанбы өтө көп ысымдарды кошуп жибергенинен башында шилтемелерди окуп жатсам, кийин аны да кылбадым. Ал аттар мен үчүн караңгы. Кокустан жолугуп калган экөөнүн сезимдерин махабат деп айтканга оозум барбайт. Бирок жаш ортолоп калганда мүмкүн сүйүү ушундай эле болот.

Экинчи китеп дагы жашы ортолоп калган журналисттин атынан жазылган. Бирок бул Варанаси жөнүндө. Каармандын аты айтылдыбы же мен кызыга албай чыгарманы көп убакыт ичинде окугандыктан эсимден түшүп калдыбы эстей албай койдум.

Варанасиге бир жума иш боюнча барып көргөн уккандарын эч нерсе түшүрбөй айтып берет. Бир эле жерди тегеренип айланып жүрө берет дагы ар барган сайын ар башка кубулуш, окуяга күбө болот. Бирде мочалканын ордуна пакет колдонуп жуунуп жаткан чалды көрсө, эртеси иттер этин жеп жаткан өлүк көрөт. Бирде адамдардын ыпластыгын жамандаса, кайра өзү барып Ганга сийип жиберет. Кыска кызыктуу апендидей окуялар башынан өтөт.

Варанасиге адамдар өлгөнү келгени ырас, бирок бул биздин каарман жөнүндө эмес. Өлүү дегенге автор башка маани берип адамдын каалоолорун жеңүүсү, көр тирилик деп эмес руханий байлык үчүн жашап дүйнөдөн чектелүүсү дегендей.

Авторго айланасындагы нерселерди укмуш сүрөттөп бергени үчүн алкыш айтамын. Бирок мен үчүн чыгарма Индияга барып келген, алардын салттарын түшүнбөй тетири чечмелеген адам дасторкон үстүндө тамаша айтып берип жаткандай эле сезилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here