Мэтью Куик: «Мой парень псих» («Сборник лучиков надежды»)

0
633

Китеп күндөлүк түрүндө Пэт аттуу психикалык оорусу бар адамдын атынан жазылган. Чыгарманын башында Пэттин апасы ооруканага келип аны үйүнө алып кеткенден башталат. Үйдө көнгөн шарттарда тезирээк сакаярына ишенген апасы ага кылдат мамиле кылып жашоого кайтарууга аракетин кылат.

Пэт жубайы менен убактылуу бөлөк жашап жаткан убагы, экөө бири-биринен эс алганы, жарака кеткен үй-бүлөнү сактап калуу керекпи чечимин кабыл алуу үчүн ажырашкан.

Пэт өзүнүн жакшы эмес адам экенин, жубайына көңүл бурбай, жубайы бактысыз болгонун билет жана бул «убактылуу» ажырашуу алкагында өзүнүн катачылыктарынын үстүндө тынбай иштейт. Дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн адабий чыгарма окуйт, семирип формасын жоготконунан аялына кайра жагынуу үчүн тынбай машыгат, жумасын бир жолу психотерапевти менен жолугат жана жашоосу кинодогудай бактылуу аякташына ишенет. Жубайын өтө сүйгөнүн айтып аны кайтаруу үчүн баарын кыларына убада берет.

Пэт -– оптимист. Булуттардын айланасында күмүш түстөгү кыртышын көрө алат. Ал көп убакыт ооруканада өткөргөндүктөн жашоодон артта калган, анын кайрадан адаптация болушуна үй-бүлөсү – апасы менен иниси, жакын досу көмөк көрсөтөт. Атасы бош эмес, ал футбол көрүп жатат. Голливуддун салттарына жараша өзүнө окшогон, анын оорусун түшүнгөн бийчи кызга жолугат.

Кыскасы, чыгарма ушу эле, калганы бүт футбол жөнүндө. Жумасына бир жолу стадионго барып көрүшөт, ал жерде миңдеген жашыл футболкачандарга жолугат. «Иглстин» фанаттары ушундай көппү же дагы да Голливуддун салтыбы, айтор, психотерапевти дагы оюндан калбаган фанат.

Китептин акырына чейин Пэт эмне болуп ооруканага түшкөнүн, сүйгөн жубайы каякта калып кеткени айтылбаса дагы түшүнүктүү эле. Автор интрига сактаганга катуу аракет деле кылбагандай.

Чыгармадагы идея эмнеде десек, балким китепте миң жолу кайталанган оптимизм жөнүндө болуп чыгар. Чынын айтсам бул китепте бир идея бар экенине деле ишенбейм. 35 жашар тарых мугалиминин ой-жүгүртүүсү таң калтырды, башында эч нерсе жоктой көрүндү. Оорукчандыгына шылтайын десең, оорусунун акыл-эске эч тиешеси жоктой.

Чыгарманы окуганыма өкүнбөдүм. Китеп чоң эмес, көп убакыт сарпталбайт жана өз окурманын сөзсүз табат. Оптимисттер аз эмес арабызда. Өкүнүчтүүсү эркектер мындай чыгармага көп кызыкпаганы, себеби аялга азыр, убагында жакшы мамиле кылуу зарылдыгын айтат, кийин кеч болуп калышы мүмкүн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here