Джоан Роулинг: «Случайная вакансия»

0
436

Китептин жарымын бир ай окусам, калган жарымын бир түндө окуп бүтүрдүм. Чыныгы жазуучулук талант, менимче, ушундай болот. Чыгарма эң сонун жазылган, эски мектептин таасири билинип турат. Башында үзүрүлө түшө албаганым китеп көпкө кызыктыра албаганын да чыгарманын бүтүндүгү менен түшүндүрсө болот. Кээ бир гана жазуучу өзүнүн позициянын, кээ бир типаждарга болгон сезимин билдирбей ар бир каармандын ички дүйнөсүн жылаңачтай алат.

Кичинекей Пэгфорд шаары англиянын салттарында жасалгаланган үйлөрү, каралган бакчалары, кыркылган газондору, кичине кыймылды да байкап отурган кемпирлери айласыз кедей Филдс району менен коңшу жашаганга туура келет. Бул 50 жылдан бери чечилбей келген көйгөй. Шаардык кеңеш бюджетинен акча бөлгүсү келбей Филдсти башка, жакынкы Ярвилге түртүп кутулуштун амалын изденип жатат.

Бир күнү эле күтүүсүздөн Кеңештин мүчөсү Фейрбразер дүйнөдөн өтөт. Кичине шаарчаны бул жаңылык дуу-дуу кылгандан да, Кеңеште бир орун бошоп калганы андан да чоң жаңылык болот. Фейрбразер Филдсти сактап калуу үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болгондуктан бул баңгилердин уюлу болгон райондун келечеги чечилгендей. Кадыр-баркка умтулгандар саясат ойноп жатышып канча жөнөкөй адамдын жашоосуна таасирин тийгизишет.

Каармандардын көптүгүнө карабастан ар биринин орду бар жана чыгармада көтөрүлгөн темалар дагы азыркы коомдогу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгат. Ата-эне менен балдардын конфликти, үй-бүлөдөгү көзгө чөп салуулар, педофилия, баңгилик, расизм. Ар бир үй-бүлөдө толгон токой жашырылган сырлар, сырттан караган адамга билинбеген проблемалар жана кадимки комплекстер.

Терс каарман да жок, эми бир каарманды жек көрүп баштаганыңдан автор кыскача өмүр баяны менен тааныштырат, анан ага бооруң ооруп, аяп дагы кетесиң. Кандай коом болбосун баарыбыз эле кара карга экенибизди түшүндүм.

Өзгөчө өспүрүм балдар жөнүндөгү бөлүмдөрү жакты. Чоңойуу процессиндеги конфликтер, өзү менен бирге дүйнө менен алышкан балдар жана Пупстун эки жүздүүлүктү четке кагып, жасалмалуулуктан качуу аракет кылганы.

Окурман дагы ички конфликтке туш келет. Сен эки лагердин кайсынысын тандамаксын? Меллисондорго окшоп тынч, криминал жок жакшы жерде жашап, илгерки күндөрдү кайтаргың келип, өзүңдүн гана кызыкчылыктарыңды ойломоксуңбу? Же Фейрбразерге окшоп ар бир жан дагы бир шанска, жардамга муктаж деп, өзүңдү оор турмушту баштан кечирген адамдардын ордуна коймоксуңбу?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here