Сара Джио: «Ежевичная зима»

0
417

Акыркы убактарда жаш аял жазуучулардын китептерин көп окуп жатканыма сүйүндүм. Себеби бир топ чыгармаларга бестселлер деп мактоолор көп айтылган. Көпчүлүктүн тандаган китеби жаман чыкпас деген үмүт (бирок көпчүлүк дагы адашат) менен бул китепке кириштим.

Чыгарма кызыктуу, бир окуп баштаганда токтой албаган китептерге кирсе дагы авторду мыкты жазуучу деп айта албайм. Китептин маңызы, айтып берген окуясы салыштырмалуу уникалдуу болгону менен автор дүкөнгө нан алганы барганын жазса дагы укмуш жаза алгандардын арасына кирбейт.

Аннотациясында айтылгандай эле 2010-жылы Сиэтлда 2-май күнү кар жаап салат. Журналист Клэр Олдриджке редакциядан бул табияттын тамашасы жөнүндө очерк жазуусуна буюртма келет. Убагында эмес болсо дагы жааган кар жөнүндө эмне жазмак эле? Кыска изилдөөдөн кийин 1933-жылы так ушул күнү укмуштай кар жааганын белгилүү болуп, ошол күнү Вера Рей аттуу айымдын 3 жашар уулу дайынсыз кайып болгону ачыкка чыгат. Бул окуя Клэрдин тынчын алат. Жоголгон баланын тагдырын билмейинче жаны жай албастыгын түшүнүп журналисттик иликтөөнү баштайт.

Мен мындай чыгармаларды көп окуп, детектив сериалдарды көп көргөнгөбү же сюжет өтө туташкан эместигиненби, башында эле баарын чечип койдум. Чыгарма бүтүндөй штамптардан турат. Бирок табышмак татаалыраак болуп чыгар деген үмүт менен анан дагы бул окуянын талдоо жана иликтөө процесси кызыктырганынан аягына чейин окудум.

Баласын жоготкон эненин истерикасын, ичиндеги куюндай болгон сезимдерин, арманын алдын сызып жазса дагы негедир бул каармандарга боорум оорубады. Бул дагы автордун кемчилдиги болуш керек. Биз китепти ушул үчүн окуйбуз да, сөз менен берилген бирөөнүн арманын сезгибиз келбесе киносун көрмөк элек. Мүмкүн чыгарма эч ишеничтүү эместигинен дагы каармандардын сезимдери жасалмадай сезилди. Автор жөнүндө эч нерсе билбеймин, болгону аялдардын глянец журналдарына жазарын укканга жасалмадай сезим калтырдыбы.

Канчалык жазуучу аялдарды колдоюн, тилектеш болоюн десең аялдардын романдарында бай ак жигитти сүйүп, чогуна күйгөн каармандар көп жолугуп баштайт окшойт. Мистер Грей, эми мистер Чарльз. Эмне мынча бай болгонунан бактысыз, жумшак эркектер айымдарды кызыктырат деп таң калдым. Мүмкүн алардын маданиятында биз түшүнбөгөн нерсе бардыр.

Бул жазуучунун башка чыгармаларын окубаймын деп чечтим.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here