Дафна дю Морье: «Синие линзы» [кыргыз тилиндеги рецензия]

Бул аӊгеме көп болсо сиздин жарым саат убактыӊызды алат.

Үч чыгармасы Хичкоктун көңүлүнө татыган Дафна дю Морье негизи эле кызыктуу жазуучулардын бири. Бисексуал-актер атанын жактырбаган кызы, үч баланын энеси, 30 жашында атасынын мурдагы ойношуна ашык болуп калган автордун бул аңгемеси таң калтырбай койбойт.

Башкы каарман Мада Уэст көптөн бери эңсеп келген – көзүнө операция жасалат. Операциядан кийин белгилүү бир убакытка атайын көк линза кийүү керек болот.

Мына, линза тагылды, көптөн эӊсеген күн да келди. Буга чейин элестетип жүргөн нерселер, адамдар, түстөр чындыкта кандай экенин эми көрө алат. Бирок, адамдардын жүздөрүнүн ордуна айбандардын баштарын көрө баштайт. Болгондо да эӊ жакын адамдары карчыга куш жана жылан болуп калат.

Врачтардын тамашасыбы? Же “көк линза” кийип адамдардын чыныгы жүзүн көрө баштадыбы?

Ичибиздеги айбандар… айланабыздагы айбандар… Сиз деле кээ бир тааныштарыӊызды жаныбарларага салыштырып келсеӊиз керек?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here