Джоан Харрис: «Мальчик с голубыми глазами» [кыргыз тилиндеги рецензиясы]

«Жила-была одна вдова, и было у нее 3 сына, и звали их Черный, Коричневый и Синий. Черный, старший, был угрюмым и агрессивным. Коричневый, средний, — застенчивым и глупым. А Синий, любимец матери, был убийцей».

Джоан Харристин башка чыгармаларына салыштырмалуу (“Ежевичное вино”, “Пять четвертинок апельсина”, “Шоколад”) таптакыр башка бир дүйнө. Драма, детектив, психология жана үй-бүлөлүк трагедиянын айкалышы.

Сиз блогуңузда эмнелер жөнүндө жазасыз? Үй-бүлөңүз, күнүмдүк турмушуңуз, сүйгөн кызыңыз/жигитиңиз жана кыялдарыңыз. Бирок кыялдарыңыз – кылдаттык менен пландаштырылган адам өлтүрүүлөрү болсочу?

Blueeyedboy’дун интернет-күндөлүгү жана комментарий калтырган колдонуучулар. Ар бир өлтүрүүнү чыдамсыздык (!) менен күткөн колдонуучулар.

Чыгарманын каармандары лакап аттын артында жашынган интернет колдонуучулары. Ар бир каарман – биздин жашообуздун жаман жактарынын аёосуз карикатурасы, ыраймсыз кебетеси.

Бирок детективдик линияга карабастан, бүтүндөй чыгарманы эне менен баланын мамилеси жана эненин сүйүүсү канчалык деңгээлде кыйратуучу, талкалоочу болот деген ой коштойт.

Автордун башка чыгармаларынан кескин түрдө айырмаланат, бирок Харриске таандык болгон сюжеттин ортосундагы күтүлбөгөн бурулуштар да жок эмес.

Чыгарма бир аз созулуп кеткенине карабастан, бир-эки күндө эле окула турган чыгармалардан десек жаңылышпайбыз. Анткени каармандардын бири-бирине болгон байланыштарын, Blueeyedboy’дун ар бир жазганына комментарий калтырган JennyTricks ким экендигин китептин аягына чейин түшүнө албай чыдамыңыз кетип окуяны бүтүргөнгө шашасыз.

Эгер англис тилин билсеңиз чыгарманы түп нуска тилде окуңуз дейт элем, анткени сөздөрдүн колдонулушу, өзгөчө омоним сөздөрдөн курулган “оюндар” котормодо толук кандуу берилбей калган.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here